Токмокто 68 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип бөтөлкөлөшү кармалды

Токмок шаарында 68 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип анын бөтөлкөлөшү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, 17-июнда Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Д.В. аттуу 68 жаштагы жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Нарын облусунун 40 жаштагы тургуну кармалды. Ал каза болгон киши менен 17-июнь күнү кечке жуук спирт ичимдиктерин ичкен. Мас болгон экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, шектүү аны сабап салган. Д.В. алган жаракатынан улам көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде Токмок ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан