Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан каза болгон келиндин баласы Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Милиция туугандарын табууга жардам сурайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жол кырсыгынын кесепетинен 1 жаштан өтүп калган баланын апасы каза болуп калган. Учурда маркум келиндин аты-жөнү такталбай жатат. Ал эми уулу Токтогул райондук ооруканасында багылууда. Баланын абалы жакшы, жаракат алган эмес. Мындан улам каза болгон аялды же баланы таанып-билгендер болсо Токтогул РИИБине байланышууну өтүнөбүз", - деди маалымат катчы.
Байланыш телефондор: 03738 5 02 02
Эске салсак, 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнь күнү саат 06:35те ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адам изделип жаткан. Ал эми унаа Бишкектен Ошко бара жатканы маалым болгон.