Ошто таштанды үчүн акча төлөбөгөн мекемелер белгилүү болду

"Ош Тазалык" ишканасынын башчысы Шайлообек Атазов шаардагы бир катар мамлекеттик ишканалар таштанды чыгаруу үчүн акча төлөшпөй жатканын айтууда. Ал билдиргендей, күнүнө Ош шаарынан 28 унаа менен 670 метр куб таштанды чыгарылат. Төмөнкү мамлекеттик мекемелер таштанды үчүн акча төлөбөй тизмеге түшкөндөр: Облустук типография (18 000 сом карыз), №25-СИЗО (10 675 сом карыз), Ош шаардык миграция комитети (4544 сом карыз), Облустар аралык онкология борбору (18 000 сом карыз) жана башкалар. "Ош Тазалык" ишканасы таштанды чыгаруу үчүн төлөм кымбаттаганын кайрадан шаардыктарга эскертип жатат. Мурда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар таштанды үчүн 15 сомдон төлөп келишсе, жаңы эреже боюнча 20 сомдон төлөшөт. Ал эми жер үйдө жашагандар таштанды үчүн 25 сомдон төлөшмөкчү. Аталган ишкана шаардагы жолбун иттерди атып жок кылууну да улантып жатыптыр, мисалы, июнь айында 345 ит атылса, акыркы 6 айда 1733 ит атылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан