Мектепке чейинки билим берүүдө балдардын тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 26-июнда ЖКнын жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Билим берүү тутумунун иштөөсүнүн көптөгөн олуттуу мамилелерине карата кемчиликтер жана укуктук такталбаган жагдайлар белгиленип келет. Мына ушуга байланыштуу сунушталган мыйзам долбоорунда орто жалпы билим берүү окуу жайларынын макамына карата ченемдик укуктук актыларды системалаштыруу, мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган балдардын тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки даярдоо түшүнүгүн бекемдөө сунушталып, балдарды тарбиялоо процессине ата-энелердин жана окуу жайлардын жоопкерчилигин аныктоого мүмкүндүк берилүүдө. Жыйындын жүрүшүндө комитет төрагасы К.Осмоналиев 1-окуудагы кароодо айрым депутаттар тарабынан берилген сунуштар кабыл алынгандыгын белгилөө менен мыйзам долбоорун 2-3-окууда добуш берүүгө сунуштады. Мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан