Бишкектеги Л.Толстой көчөсү кытай грантынын эсебинен оңдолуп, кеңейтилет

Кытай тараптын 50 миллион юань грантынын эсебинен Бишкектеги Лев Толстой көчөсү оңдолот. Аталган көчөнүн Ибраимов көчөсүнөн Алма-Ата көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоп-түзөлмөкчү. Узундугу 1,65 чакырымды түзгөн көчөнүн бул бөлүгү төрт катар унаа жүрүүгө ылайыкталып, жолдун туурасы 16 метрди түзмөкчү. Мындай маалыматты шаар башчысы Иса Өмүркулов 26-июнда айтты. Буга кошумча Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Некрасов көчөсүнө чейинки аралыгы да оңдолмокчу. Бул көчөнүн 1,4 чакырымы оңдолуп, туурасы 9 метр болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан