Өгөй ата эгиз кыздарын "коңшунун велосипедин уурдадың" деп сабаган

Сокулукта сабалган эгиз кыздарды өгөй атасы кошунасынын велосипедин уурдаганы үчүн сабаган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бермет Карабаева SUPER.KG порталына айтып берди.

"Биз алгачкылардан болуп эгиз кыздардын сабалганын угуп, алар жашаган үйгө бардык. Алардын чындап сабалганы денесиндеги көк ала тактардан улам байкалып турду. Алгач апасы милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Себеби анын азыр айтканы боюнча "ошол убакта жолдошум кыздарыма катуу жаракат деле келтирген жок, күнөөлөй турган деле иш кылган эмес" деп ойлоптур. Биз мындан улам милицияны өзүбүз чакырып, арызды жазып бергенбиз.

Шектүү өгөй ата. Кыздардын атасы каза болуп калган. Ал эми шектелип жаткан атасы кыздардын апасы менен эки жылдан бери жарандык никеде жашап келген. Эгиздердин айтымында, бул окуя атасы жумуштан келгенден кийин болгон. Өгөй ата үйгө ошол күнү мас абалында келген. Негизи эле ал ичимдик ичет. Өгөй атанын кол көтөрүүсүнө буга чейин кыздардын кошунасынын үйүнөн велосипед уурдап алганы себеп болгон. Мындан улам кыздарды өгөй ата экинчи мындай иштерди жасабоосу үчүн электр зымы менен сабаган. Ал учурда шектүүнүн жубайы ашканада тамак жасап жаткан. Кыздарды башка бөлмөгө алып кирип, эшикти ичинен бекитип алып сабаганын айтып беришти", - деди Бермет Карабаева.

"Эгиз кыздар 10 жашта. Булардын бири талма оорусу менен жабыркап келгендиктен үйдө билим алат. Ал эми түгөйү мектепке барып, жакшы окуганы аныкталды. Кыздарды өгөй ата биринчи жолу сабаган. Буга чейин алардын үйүндө мындай окуя болгон эмес. Ал эми кыздардын апасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгер ал жолдошу менен кайра жашап ала турган болсо, энелик укугунан ажыратыла турганын айттык. Учурда ал күйөөсү менен ажыраша турганын билдирип, кыздары менен бирге болууда", - деди аталган башкармалыктын директору.

Ал эми Сокулук аймактык ооруканасынын дарыгерлери учурда кыздардын абалы жакшы экенин, алар текшерүүдөн өтүп жатышканын айтышты.

Эске салсак, 26-июнь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнөн арыз келип түшкөн. Арызда Ш.А. аттуу 35 жаштагы өгөй ата 25-июнь күнү 10 жаштагы эгиз кыздарын тарбия берүү максатында электр зымы менен сабаганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nanei
2018-06-28 17:48:02
Эми кунноону эки кызга оодарып коюшпаса болду,ар жылаандын башын бир коргозуп отурурушуп.
+3
Nanei
2018-06-28 17:49:54
Кыздарын чырылдатып сабап жатса кантип бейкапар тамак жасап жкрду ашканада,бир кызы оорукчан экен ,кантип журогу чыдады??
+6
Matahara1980
2018-06-28 17:55:05
Кыздарын чырылдатып уруп атса кантип чыдап тамак жасап турду экен болушпай тамагын менен талада калгыр акмак катын, тем более мас болсо тиги чирик куйоосу, энелик укуктан ажыратып салышса болмок кокмеени, ушуларга кор болгон байкуш балдар, тем более кыз баланы жакшылык корбогур мыкачыы, озундо зым менен сабаш ал айбанды , энеси ит экен соз жок
+4
Jasa
2018-06-28 23:17:04
Ошончо когортуп урганга чейин чанырып ыйлагандыр байкуш кыздар,кантип чыдап тамак кылат,ушундай мал келиндердин айынан балдар корголбой калып атат да
+1
almir
2018-06-29 00:49:14
Гелесоо акмак мен деле токмок жегем бирок мынчалык э мес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан