Тайырбек Сарпашев: "Токтайым Үмөталиева Жети-Өгүз окуясы боюнча жалган маалымат айтып элдин башын айлантууда"

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жети-Өгүздөгү баш аламандыкты уюштургандарды жашыруу үчүн коомчулуктун башын айлантууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын учурунда айтты. Буга чейин Үмөталиева Жети-Өгүз районунда "Кумтөргө" байланыштуу жаңжалга экономика министри Темир Сариев менен вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катыштыгы бардыгы тууралуу билдирүү жасаган болчу. "Үмөталиеванын жалган маалымат таратуу аркылуу көздөгөн бир максаты бар экендиги көрүнүп турат. Аталган окуяларга чыныгы күнөөлүүлөрдү жаап-жашырууда",- дейт Сарпашев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан