"Мен 27-июнда эртең менен саат 8:45те Италиядан мекенге учуп келгем, колумда 4 жаштагы жана 6 айлык кыздарым бар. Кичүү кызым чет элде төрөлүп, күбөлүгү да, паспорту да жок болчу, болгону консулдук берген, кызымдын сүрөтү чапталган "Кыргыз Республикасынын жараны" деген аныктамасы бар эле. Күбөлүк алуу үчүн январь айында документ тапшырганым менен Бишкектен бара элек, көрсө өлкөдө күбөлүк алуу үчүн толтурулган бланк жок экен. Буга байланыштуу аэропорттон бизди текшерип, өлкөгө өткөрүшкөн жок", - деп жазат окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Анын айтымында, ал документтеринде майдараак кемчиликтер бар экенин дароо моюнуна алган.
"Чек арачылар мени эне жана балага делген бөлмөгө киргизип коюшту, 2 саат өткөндө бир кызматкер келип "Калкты тейлөө борборуна кат жөнөттүк, кат келсе чыгасыңар" деди. Бирок саат 17:00 болуп кетти башка кызматтагы адам келип "кандай турасыңар?" дегенде жаман дедим. Анткени акчам жок болчу, балдарым менен ачка отурдум, тамак сурасак сатып жейсиңер деген эле. Менин жообумдан кийин ал дагы бир кызматкер кызды чакырды, ал келип кечирим сурап, чек арачылар да "кетесиңер" деди. Түнү менен жол жүрүп, 10 саат аэропортто туруп кичүү кызым ооруп калды. Мени кызыктырган суроо - калкты тейлөө борбору ошончо убакытта араң бир адамды тизмеден таап береби? Эмнеге мынча кайдыгер баары.
Ошентип 10 саатта араң аэропорттон чыктык. Мени учуп келген убактымда үйдөгүлөр күтүп алышмак, бирок мен көпкө кечигип алар кетип калышыптыр. Таксиге да акчам жок эле, аэропортко жакынын узатканы келген адамдар акысыз шаарга алып кетишти", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.