Иса Өмүркулов: "Менин жубайым “Бишкек парк” соода үйүнүн 25 пайыз акциясынын ээси деген маалымат жалган"

"Менин жубайым “Бишкек парк” соода үйүнүн 25 пайыз акциясынын ээси деген маалымат чындыкка жатпайт”. Бул тууралуу мэр Иса Өмүркулов бүгүн, 26-июнда билдирди. Айтымында, бул жалган жалаа жана эч кандай чындыкка коошпойт. “Бул калп маалымат шаардык кеңештин жыйынына жакын калганда уюштурулган чагымчылдык болуп жатат”,- деди мэр. Ошондой эле Иса Өмүркулов 2012-жыл үчүн декларацияда бардык мүлкү тууралуу маалымат бергенин билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн маалымат агенттиктердин бири Иса Өмүркуловдун жубайы Толкун Курманова “Бишкек парк” соода үйүнүн 25 пайыз акциясына ээ экендигин жазып чыгып, аны далилдей турган бир катар документтерди жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан