Жогорку Кеңештин сессиясы аяктады

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн, 28-июнда акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарашты. Алар бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот. Кийинки жыйындар сентябрь айынан баштап улантылмакчы.

Бүгүнкү жалпы жыйында мыйзам долбоорлоруна добуш берүү аяктаган соң төрага Дастанбек Жумабеков сессиянын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөдү.

"Сессия мезгилинде кабыл алынган мыйзамдар, токтомдор жана укук-ченемдик актылар жөнүндө алдыдагы маалымат жыйында кеңири сөз болот. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаш депутаттарыбыздын кыйла такшала түшкөнү байкалды. Урматтуу депутаттар, чың ден соолукта болуңуздар! Сиздерди ийгиликтер коштосун", - деди төрага.

Жумабековдун сөзүнөн кийин оркестрдин коштоосунда жандүү үн менен Кыргыз Республикасынын гимни аткарылып, жыйын аягына чыкты.

Депутаттар каникулга тарашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dalil
2018-06-28 17:31:43
Өтө катуу иштеп жиберишти эми эс алышсын
+2
Kylymbek_isakulov
2018-06-28 17:37:09
Кыйраттынар
+1
tika78
2018-06-28 17:50:05
Оо булар эс алышсын
Тим эле жашоо оңоло түштү
Комунизм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан