“Айыл-агро-2014” көргөзмөсү кийинки жылы 21-23-май күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда маалымат жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, быйыл өткөрүлгөн көргөзмөгө 7000ден ашуун киши катышкан. “Айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн 80 келишим түзүлгөн. Алардын бир нечеси лизингдик негизде берилет”,- деди ал.