Кар жааганына байланыштуу малдары кырылган жарандарга берилген насыянын мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөт банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

"Кар жааганына байланыштуу малдары өлгөн жарандарга берилген насыянын мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөт банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө". Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда маалымат жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жааган кардын кесепетинен 17 миллион сом чыгым келтирилген. "Жалпы 2097 баш мал кырылган. Ошондуктан берилген насыялардын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алдына ала алынган маалыматтарга ылайык, банктар макулдугун беришүүдө",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан