Чолпон-Ата шаарында Мугалим журналы тарабынан уюштурулган “Окуучу күткөн мугалим” аттуу 1- Республикалык жайкы мектеп мыкты деңгээлде өтүп жатат. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" жөнөттү.
Маалыматка караганда, жайкы мектепке республиканын бардык аймактарынан мугалимдер келип катышууда.
"Мында мугалимдер эс алуу менен бирге бири-бири менен тажрыйба алмашышат. Мындан тышкары көптөгөн оюндар, спорттук мелдештер, ыр-бий сынактары өткөрүлүүдө. Эс алуу менен кошо балдарга эң маанилүү болгон билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашуу мында келген билим берүүчүлөр үчүн пайдалуу", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.