ЖЫЛНААМА, 29-ИЮНЬ: Өткөн жылы "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев 48 жашында оорудан улам каза болгон

Өткөн жылдын 29-июнунда "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев каза болгон.

Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ Монголиядан СССРге кайтып келишкен. Ата-энеси, 2 эжеси менен алгач Орусиянын Ангарск шаарында, кийин Иркутск шаарында жашашкан. Ырчы аталган шаарда мектепти жана жогорку окуу жайын аяктаган.

Олег Яковлев Иркутск шаарындагы театралдык училищени "куурчак театрынын актёру" адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Окуу жайда куурчак театрынын актёру кесибине ээ болгон. "Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салып, өзүнүн алгачкы "Танцуй закрытыми глазами" аттуу ырын күйөрмандарына тартуулаган.

Олег Яковлев үйлөнгөн эмес. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө менеджери Александра Куцевол менен жашап жүргөн.
2017-жылдын 28-июнунда жалпыга маалымдоо каражаттарында анын оор абалда ооруканада жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, эртеси, 29-июнда Москвадагы ооруканалардын биринен каза болгондугу айтылган. Анын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон. Чынында ырчыны эрте жоготуу күйөрмандары үчүн өтө күтүүсүз болуп, канчалаган интернет колдонуучулар аны менен коштошкон билдирүүлөрдү калтырышкан.
29-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан