Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-июнда Бишкектин 2 районуна Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына зор салым кошкон, өз заманынын чыгаан уулдары Исхак Раззаков менен Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгеси камтылган мыйзамдар топтому каралды. Талкуунун жүрүшүндө быйыл 130 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автономдуу облусунун алгачкы Революциялык комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбековдун ысымын дагы бир районго ыйгаруу сунушу түштү. Демилгечилердин бири Абдырахман Маматалиев ал сунуш мыйзам долбоорунун экинчи окуу жүрүшүндө эске алына турганын билдирди. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.