ИИМдин кызматкерине 270 миң сом пара берүүгө ортомчулук кылган адвокат кармалды

Милиция кызматкеринин пара алуусуна ортомчулук кылган жактоочу 270 миң сом менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери каралып жаткан ишти оң багытка чечип берүү үчүн жактоочу менен 4 миң доллар алууга келишим түзгөн.

Ушул жылдын 25-июнь күнү К.А аттуу жактоочу милиция кызматкерине 270 миң сом берип жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2 бөлүмү менен (пара алуудагы ортомчулук) кылмыш ишин козгоду. Бишкек шаардык соту кармалган жаранды тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды”,- деп жазылат маалыматта.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы пара алууга шектелген милиция кызматкери Биринчи Май РИИБинин кызматкери экенин айтып, толук маалымат иликтенип бүткөн соң берилерин билдиришти.

ИИМдин кызматккери пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyz.kg83
2018-06-29 12:51:36
Параны ала турган сотко кандай чара көрүлөт ошондо
+2
jalguzum
2018-06-29 12:54:18
Дагы деле ойлонушпайт окшойт пара алып кармалып калам деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан