ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: "Туулган күнүмдү адаттагыдай эле жакындарымдын курчоосунда белгилейм" дейт 33 жашка толгон Бакыт Байсариев

Бүгүн тамада, шоумен Бакыт Байсариев 33 жашка чыкты. Шайыр, таланттуу шоуменди туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.

"Туулган күнүм кечээ эле башталган, жумуш аяктап калган кезде досторум белектерин көтөрүп келип сюрприз жасап, майрамдык маанай түнкү саат 3кө чейин уланды. Бүгүн да куттуктап келгендердин аягы суюла элек. Кечке чейин жеке иштерим менен алек болуп, кечинде адаттагыдай эле кесиптештеримдин, досторумдун жана туугандарымдын курчоосунда Бишкектеги кафелердин биринде туулган күнүмдү белгилейм".

Ал эми шоумен чыгармачылыгы тууралуу буларды айтты: "Чыгармачылыгымда, буюрса, баары жакшы. Орозо айы аяктагандан бери тойлор көп болуп, тынбай иштеп жүргөн чагым".

"Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:

  • "Кыргызстан өнүкпөй жатат дегенибиз менен, эл аябай бай. Мен көбүнчө бизнесмендердин тоюн алып барам. Бони Эм, Рэй Хортон, Сосо Павлиашвили сыяктуу атактуу чет өлкөлүк жылдыздар 5000-10 000 долларга чейин тойго келип ырдап кетишет. Аларды «Дордой» базарында иштегендер деле оңой чакырып коюшат".
  • "Көпчүлүк эркектер үйлөнгөндөн кийин жумуштан түз үйүнө келет, аялы жасап берген тамакты калтырбай жейт. Жебесең да уруш угасың (күлүп). Ачуу болсо да сонун болуптур деп жеп томпоюп жатып алат. Ал сиңбей, анан семиребиз да. Мен мурун бийлеп жүргөндө күнүнө жок дегенде 4 саат, көп дегенде 8 саатка чейин бийлечүмүн. Кийин гана өзүмдү таштап салдым окшойт".
  • Журналисттин "Мен Бакыт Байсариевдин «ичип алып, ар кимге жармаштырып...» деген видеосу тууралуу билгим келет. Тамадалар ичип алып той башкарышабы? Эл көзүндө жүрүү оорбу" деген суроосуна шоумен төмөнкүдөй жооп берген:
    "Тойдон силер ичпейсиңерби? Тойго конок болсоң айласыз ичесиң да. Ал таякемдин тою болчу, мен эс алганы баргам. Тойго Улук Сапаров тамадалык кылган. Ал иним болгондуктан мага элдин аягында сөз берди. Мен байкуш сүйлөсөм айылдан келген туугандарым укпайт. Анан байкемдин досторуна баргам, ошол жерден бир байке менен түшүнбөстүктөр болуп кетти. Болбосо мен иш учурунда ичпейм. Баштан-аяк кызматты бүтүрүп, анан каалаганымды кылам.

    Видео тууралуу айтсам, башкача тема менен интернетке киргизип койсо эле элге ошондой түшүнүк менен тарап кетет экен да.
    Элдин алдында жүрүү, албетте, оор. Жөнөкөй адам каалаганын кылса билинбейт. Мен, мисалы, кагазды ыргытып койсом да Бакыт Байсариев айлана-чөйрөнү булгап жатат деп айтып чыгышат. Ошондуктан элге үлгү болууга аракет кылам".

Тамада, шоумен Бакыт Байсариев 1985-жылы 30-июнда Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Кичинекей кезинен ата-энесинин каалоосу менен бий ийримине барган. Жетиге чыкканда "Сейтек" балдар борборунда бий өнөрчүлүгүн өздөштүрө баштаган. 11-классты аяктагыча бал бийи боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону болгон. Башында бийди хобби катары эле кабыл алса, кийин мектепти бүткөндө келечектеги кесибин бий өнөрү менен гана байланыштырууну чечкен. Бий менен 2013-жылдарга чейин алектенип, андан кийин жылына ашып кетсе 2 жолу гана бийлеп калганын өзү маектеринин биринде айткан. Бий боюнча Египетте, Москвада сабак алып келген. Ошондой эле Казакстанда, Египетте, Түркияда жыл сайын өтүүчү бий фестивалдарына катышып келген.

Бакыт Байсариев 2008-жылы өзүнүн кесиптеши, ай чырайлуу Наргиза аттуу айымга баш кошуп, 8 жыл бирге жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уулу бар. Андан кийин шоумен 2017-жылдын апрель айында Алия аттуу айымга мыйзамдуу түрдө баш кошуп, Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде үйлөнүү тою менен бирге кызынын жентек тоюн өткөргөн. Үйлөнүү тоюнун урматына жубайына 2 сулуулук салонун тартуулаганын айткан. Тилекке каршы, Бакыт Байсариев жыл айланбай, ушул жылдын апрель айында "Супер-Инфо" гезитине маек берип, жубайы менен ажырашып кеткенин билдирген.

Учурда бойдок, бир уул, 2 кыздын атасы.

30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulnyr19
2018-06-30 16:34:19
Мен муну чооң эле киши депмин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан