Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттолгон адамдын жакыны SUPER.KG порталына билдирди.
"Кечээ, 28-июнь күнү Ысык-Көл райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Биз чыгарылган өкүмгө макул болбой, облустук сотко кайрылдык. Бул окуяда далилденбеген көп иштер болду", - деди соттолгон адамдын жакыны.
Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматкери сот жогорудагыдай чечим чыгарганын ырастады.
Айта кетсек, 26-мартта 12 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыздын апасы кызын белгисиз адам зордуктап койгондугун айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну С.У. аттуу адам кармалган. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл РИИБинин абагына киргизилген болчу.