Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун жубайы Толкун Курманова чындыкка дал келбеген маалымат таратып, аны "Бишкек парк" соода үйүнүн 25 пайыз акциясынын ээси экендигин жазып чыккан маалымат агенттигин сотко берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. "Мен укук коргоо органдарына кайрылганы жатам. Жалган маалымат тараткан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менин жолдошумду жана үй-бүлөбүздү каралагысы келип жатат",- деди мэрдин жубайы.