Депутаттар Бишкекке дагы бир район кошуп, атын Иманаалы Айдарбеков коюуну сунуштап жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Эльмира Жумалиева Бишкек шаарына дагы бир район кошуп, атын Иманаалы Айдарбеков коюуну сунуштады. Бул сунуш парламенттин 26-июндагы жыйынында айтылды. Жыйында Бишкектин Свердлов району менен Биринчи Май районунун атын Чыңгыз Айтматов жана Исхак Раззаков деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды. Мындан сырткары Ленин жана Октябрь райондорунун аталыштарын Курманжан датка жана Шабдан баатыр деп өзгөртүү жөнүндө сөз козголду.  

Айта кетсек, Иманаалы Айдарбеков 1894-жылы, азыркы Сокулук районунун Жал айылында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Көптөгөн кызматтарда иштеген. 1926-1929-жылдары Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1929-1934-жылдары Юстиция эл комиссары жана республиканын башкы соту болгон. Улутчул катары айыпталып, 1938-жылдын 5-ноябрында ССР Жогорку Сотунун аскердик трибуналынын атайын көчмө сессиясынын өкүмү менен атууга кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан