ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Индиянын "Келин" сериалындагы кичинекей Ананди 21 жашка толду
Индиянын "Келин" сериалындагы кичинекей Ананди эсиңиздеби?! Дал ушул сериал аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон таланттуу актриса Авика Гор бүгүн 21 жашка толду. Ал 1997-жылы 30-июнда Индиянын Мумбай шаарында туулган.Авиканын "визиттик карточкасы" – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика Гор: "Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл менин аткаруума аябай кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем".
Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет. 2015-жылы ал Казакстандын Астана шаарына келип, карды биринчи жолу көрүп таӊ калганын жашырган эмес.
30-июндун жылнаамасы.