Сүрөтчү Азамат Жаналиев президент Сооронбай Жээнбековдун мык жана жип менен тартылган портретин сатыкка койду. Аталган маалыматты сүрөтчү өзү SUPER.KG порталына тастыктады.
Анын айтымында, Жээнбековдун сүрөтүн сатуу боюнча президенттик аппаратка кайрылып көрө элек.
"Бир агама байланышып, карызга баттым. Долбоорум токтоду. Жакын арада батиримден үй-бүлөм менен кошо айдап чыгышат. Аргасыздан азыркы президенттин коллекциялык сүрөтүн канчага болсо да тезинен сатыш керек. Жок дегенде ушул батирдин карызын жабышым зарыл. Калган карыздарды айтпай эле турайын. Көптөгөн сонун иштер аткарылбай калды. Бирок баары алдыда! Үмүт үзбөйбүз! Бул да сыноо", - деп коомчулукка кайрылуу жасады Жаналиев.
"Эң чоң карыз Дубайдагы долбоорго кеткен. Жалпысынан 30 миң доллар сарпталган. Карыздардын жарымын үстөк пайызы менен алгам. Дубайда чоң үмүттөр бар эле. Икрамжан Илмияновдун сөзүнө ишенип жүрө берип, андан тышкары да майда карыздар көбөйүп кетти. Азыркы учурда 3 миң доллардан ашык карызымды төлөбөсөм, үй-бүлөм менен такыр эле талаада калам", - деп түшүндүрүп берди сүрөтчү.
Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка президенттин портретин сатуу боюнча кайрылуу жасап, баа боюнча сунуштарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Эске салсак, сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан. Бир нече күндөн кийин сүрөтчү арызды артка кайтарганын билдирген.