Райондордун аттарын өзгөртүүдөн көрө белгилүү инсандардын атын берип жаңы сейил бактарды куруу керек. Мындай пикирди бүгүн, 26-июнда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, учурда Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын абалы өтө начар. “Мэр ал сейил бакты оңдоорун айткан, бирок азыркыга чейин оңдоло элек. Атты өзгөртүү менен жашоо жакшы жагына өзгөрүп кетпейт. Сурамжылоо жүргүзүп, бул сунуш боюнча шаар тургундарынын пикирин угалы”,- деди эл өкүлү. Айта кетсек, парламентте Бишкектеги эки районго Чыңгыз Айтматов менен Исхак Раззаковдун ысымын берүү демилгеленүүдө.