Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун Ахалтекин породасындагы аргымагы арткы эки буту менен 10 метр аралыкты 4,19 секундда басып өтүп жаңы рекорд койду.
Түркмөн маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн башынын күлүгү өзүнүн 2016-жылы койгон рекордун дээрлик эки эсеге жаңылаган. Маалыматта бул рекорд үчүн башка талапкерлердин бар же жогу такталган эмес.
Акхан аттуу аргымактын жаңы рекорду Түркмөнстан мамлекеттик циркинде коюлуп, ага атайын калыстар жана Ашхабаддын тургундары күбө болушкан.
Бул жетишкендиги үчүн сертификатты "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлү Шейда Субаши Гемиджи тапшырган.
Буга чейин "Гиннесстин рекорддор китебине" Түркмөнстандын атынан: 3246 киши катышкан массалык велоспорт сабагы, дүйнөдөгү эң чоң боз үй, түркмөн оймосу түшүрүлгөн эң чоң аэропорт жана башкалар кирген.