ЖЫЛНААМА, 2-ИЮЛЬ: "Татьянин день" телесериалы аркылуу таанылган орусиялык актриса Наталья Рудова 35 жашка чыкты

"Татьянин день" телесериалы аркылуу атагы чыккан орусиялык актриса Наталья Рудова 1983-жылы 2-июлда Өзбекстанда төрөлгөн. Ата-энеси Казакстанда турушчу. Апасы өзбек кызы болгондуктан кош бойлуу кезинде өз мекенине конокко келгенде көз жарып, Наталья аттуу наристелүү болуп кайтат.

Казак жергесинде 12 жашка чыкканга чейин жашаган. Андан кийин ата-энеси ажырашып, апасы менен Орусиянын Иваново шаарына көчүп кеткен. Ушул жерден театралдык орто окуу жайын да аяктаган. Алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн Наташа бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Акча табуу максатында жайкысын Анапа курортуна барып официант болуп иштесе, башка убактарда Москва шаарындагы дүкөндөрдүн биринде менеджер болуп иштеген. Ошол эле учурда киного тартылуунун да камын көрүп, кастингдерге катышкан.
Театр сахнасынан өзүн көргөзө алгандан кийин Наташа толук метраждуу фильмдерге тартыла баштайт. “Татьянин день” сериалынан баш каармандардын биринин ролуна ээ болгонго чейин сүрөт тартууга да убактысы жетишер эле. Муну Натальянын жеке турмушундагы хоббиси десе болот. Көбүнчө тарткан сүрөт­төрүн курбуларына белекке тартуу кылган. Наталья Рудова актриса болууну 7-классында чечип, театр ийримдерине катыша баштаган. Ага чейин бийчи же болбосо тикмечи болом деп ойлочу экен. Актриса “Примадонна”, “Кто в доме хозяин?”, “Воспоминания Сталина”, “Проводница” жана башка телесериалдарга тартылган.

2-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-02 21:54:01
Мамасы узбечка экенин билбептирмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан