27-июнда саат 15:00дө Улуттук илимдер академиясында профессор Осмонакун Ибраимовдун “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу 2 томдук китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган мамлекеттик жана коомдук ишмердин жаңы китеби ХХ кылымдагы кыргыз көркөм адабиятынын тарыхынын өнүгүү факторлорун, шарттарын жана өнүгүүсүн эске алуу менен жаңыча көз карашта жазылган. Эки томдук китеп республиканын жогорку окуу жайларына окуу куралы катары жана жалпы эле адабият сүйүүчүлөрүнө сунушталат. Эмгекте ХХ кылымдагы кыргыз профессионалдык адабиятынын чыгармачылык багыттары, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү жана методдору камтылган.