Ысык-Көл облусунун башчысы кызмат ордун Эмил Каптагаевге өткөрүп берди

Бүгүн, 26-июнда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында Токон Мамытов өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кызматын салтанаттуу түрдө Эмил Каптагаевге өткөрүп берди. Ага облустагы мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, согуш ардагерлери катышты. “Мен район эли менен кезиккенде мага 3 талап коюшкан. Алар стабилдүүлүк, акыйкаттуулук жана мыйзамдуулукту сактоо эле. Мен ишенем, Эмил Каптагаев эл ишеничин актап, жакшы иш алып барарына”,- деди Мамытов. Айта кетсек, мурдагы Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов май айынын аягындагы Жети-Өгүз районундагы ызы-чуу учурунда Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган болчу. Ал эми Эмил Каптагаев 26-июнда аталган облустун башчылыгына дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан