Бишкек жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 27-июнда саат 9:00дөн
17:00гө чейин Бишкектин Талды-Суу, Гагарин, Поваринский көчөлөрүндө, Термечиков
көчөсүндөгү №-8-10-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк
электр” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Мындан сырткары ушул эле
убакытта Чүйдүн Кемин районундагы Бейшеке, Алтымыш айылдарында, Тегирменти айылынын бир бөлүгүндө, Жайыл
районундагы Романовка айылынын борбордук бөлүгүндө, Сокулук районунун Шопоков
шаарында электр энергиясы чектелет. Мындай өчүрүүлөр тиешелүү
электр жабдууларын оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.