Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, акын, коомдук жана саясий ишмер Раев Султан Акимович 60 жашка толду. Ал 1958-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында төрөлгөн.
Заманыбыздын көрүнүктүү инсаны Султан Раевге туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду:
"Туулган күндүк маанайым жакшы. Бүгүн күнгө жума, аба ырайы да ачык болуп турат. Элдин маанайы ачык, анын ичинде меники да көтөрүңкү, баары жакшы. Бул күндү чоң шаан-шөкөт менен белгилеп көнгөн эмесмин, буюрса үй-бүлөм менен жөнөкөй эле тосом".
Ал эми коомдук ишмер чыгармачылыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Азыр үч жаңылыгым бар. Ушул жылы "Жанжаза" ("Каra") аталышындагы романым Түркиянын Анкара шаарынан түрк тилинде, Түштүк Кореянын Сеул шаарынан корей тилинде чыгат. Ошондой эле жакында Москвадан "Потоп" деген романым китеп болуп чыгуу алдында турат".
Үй-бүлөсүндөгү жакшылыктардан буларды айтып өттү: "Неберелерим чоңоюп жатышат. Анан кичүү кызым Нью-Йоркто окучу, жакында "Америкалык кино жана театр актёрлорунун ассоциациясына" кирди, эми аны каалаган киного тартылуу үчүн чакырып калышы мүмкүн".
Султан Раев 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетин бүтүргөн.
Республикалык "Кыргызстан маданияты", "Ленинчил Жаш", "Жаштык жарчысы" гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, 1991-жылдан "Кыргыз руху" коомдук саясий жана маданий гезитинде башкы редактор жана уюштуруучу болуп эмгектенген.
1990-жылы "Күн кармаган бала" аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагы жарык көрүп, 1993-жылы "Бала тууралуу баллада" деген ат менен Пекинден кытай тилинде чыккан. Аталган эмгеги Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамына татыган. "Күн кармаган бала" (1990-жылы) пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын драма театрында коюлуп, өлкөбүздө өткөн "Нооруз" театр фестивалынын баш байгесин жеңип алган.
"Аял", "Аптанын бешинчи күнү" телесценарийлеринин негизинде телефильмдер тартылган.
Ал 1993-жылы "О, кыздар!" аттуу пьесасы үчүн Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты болгон.
"Таймам" пьесасынын негизинде коюлган спектакль Уфа шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында 1-орунду, Карши шаарында өткөн эл аралык театр фестивалынын дипломун, "Нооруз" театр фестивалынын Гран-Присин, Германияда өткөн эл аралык театр фестивалынын дипломун жеңип алган.
С.Раев режиссёр катары "Кашар" пьесасын Нарын драма театрында, "Исхак Раззаков", "О, кыздар!" пьесасын Ош драма театрында койгон.
2011-жылы жазуучу, драматург Султан Раевге Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамы ыйгарылган.
2016-жылы "Ханышанын көз жашы" пьесасы "Туңгуч" драма театрында, андан тышкары Лондондо көрсөтүлүп, бул чыгармасы үчүн драматург Улуу Британиянын ханышасынын атайын чакыруусу менен Англияда конок болуп кайткан.
Султан Раев адабият жана искусство тармагындагы Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.
Жарык көргөн китептери:
Чаң жол: Аңгемелер. Фрунзе: 1987.
Күн кармаган бала: Повесть жана аңгемелер. Фрунзе: 1990.
Kara (Жанжаза): Роман. Лондон: 2015.
Антистандарт: Ырлар. Бишкек: 2016.
Саясий жана коомдук ишмердиги:
2005-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
2006-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри болуп эмгектенген.
Султан Раев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КМШнын мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты болгон.
2015-жылы Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раев менен интеллектуалдык жолугушуу кечеси өткөрүлүп, ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Султан Раевге "ОшМУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылган.
Мамлекеттик маданият агенттигинин экс-башчысы Султан Раев ВВС компаниясынын пикирине ылайык, дүйнө жүзүндөгү мыкты делген драматургдардын антологиясына киргизилген. Аталган компания «Seven wonders of the Divided World» деген музыкалык диск чыгарып, ага ВВС`нин баамындагы 7 мыкты деген радиоуктуруулар киргизилген. Дисктин башталышында С.Раевдин "Акыркы керээз" деген пьесасы орун алган.
Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Ташкын" ("Потоп") романы Швецияда өткөн эл аралык "Open Eurasian Book Forum & L Festival-2017" адабий фестивалында "Чоң көлөмдөгү проза" категориясында баш байгени жеңип алган.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы Стокгольм шаарындагы Улоф Пальмё атындагы борбордо өтүп, ага "Нобель" сыйлыгын алган белгилүү жазуучулар катышкан. Мындан тышкары С.Раевге адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы сыйлык ыйгарылды. Сыйлыктарды тапшыруунун алкагында эксперттер пикирин айтып, "Ташкын" романы "Нобель" сыйлыгына белги экенин билдиришти. Аталган фестиваль жыл сайын ар кайсы мамлекетте өтүп жана коммерциялык көз караш боюнча заманбап дүйнөлүк адабияттын тенденцияларына туура келген чыгармаларды аныктайт.
2016-жылы Султан Раев Тарых жана маданият жылына карата иш сапары менен Кытайга барып, "Кыргыз тарыхы кытай жазууларында" аттуу кытай окумуштуулары авторлук кылган китептин бет ачарына катышкан.
"Туңгуч" театрынын актёрлук составынын аткаруусунда драматургдун улуу муун менен жаш муундун мамилесин чагылдырган "Илегилек" спектаклинин бет ачары 2017-жылы 21-февралда болгон.
"Тазалык - бул дүйнөнүн тамыры. Качан гана көкүрөктөгү, табияттагы, ааламдагы тазалык дүйнөгө өктөмдүк кылганда, апааттар бизге коркунуч туудурбай калат" дейт Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев.
Үч кыздын атасы. КМШнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жубайы экөө үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын эң улуусу Санкт-Петербург каржы-экономикалык инстутутун аяктаган. Учурда ал Кыргыз мамлекетинде кесиби боюнча иштейт. Ортончу кызы Түштүк Кореядагы жогорку окуу жайлардын бирин бүтүрүп, Бишкекте БУУнун өнүктүрүү программасында эмгектенүүдө. Ал эми кенжеси Кытайда билим алып, азыр кинематография боюнча билимин Нью-Йорк шаарында улантып келет.
13-июлга карата жылнаама.