Италиялык актриса Жина Лоллобрижида 1927-жылы 4-июлда Италиянын Субьяко коммунасында туулган. Карьерасын 1950-жылы италиялыктардын "Алина" фильмине тартылуу менен баштаган. Бирок ал 1952-жылы чыккан "Фанфан-Тюльпан" тасмасынан соң атактуулугун арттырган.
1949-жылы Милко Скофич аттуу дарыгерге турмушка чыгып, 1957-жылы уулдуу болушкан. 19 жыл бирге түтүн булатышып, 1971-жылы ажырашып кетишкен. Актриса ошол боюнча турмушка чыккан эмес.
4-июлга карата жылнаама.