Таласта "Кумтөр" - улут трагедиясы" деген ураандын астында митинг өтөт

27-июнда “Талас ынтымагы” кыймылы Талас шаарында кендерди иштетүүгө каршы митинг уюштурат. Маалыматка ылайык, кыймылдын мүчөлөрү 25-июнда жыйналыш өткөрүп, анда 27-июнда "Кумтөр" кени боюнча келишимди бузуу талабы менен “Кумтөр" - улут трагедиясы” аттуу ураандын астында митинг өткөрүү чечимин кабыл алышкан. Эске салсак, Таласта апрель айында кендерди иштетүүгө каршы нааразылык акциялары болуп өткөн. Анда митингчилер "Кумтөр" маселеси бир жаңсыл болуп чечилмейинче облустагы "Жер-Үй", "Талды-Булак" кендерин иштетүүгө каршылыгын билдиришкен болчу. Эртеңки болчу митинг ал талаптардын уландысы болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан