Кыргызстанга 43 даана автогрейдер жана 7 даана бульдозер алынып келинди

Кыргызстанга 43 даана грейдер, 20 даана жүк жүктөөчү техника жана 7 даана бульдозер алынып келингенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Аталган техникалар Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы насыя келишиминен бөлүнгөн 9 миллион 600 миң долларга сатып алынды. Ошондой эле 3 комплект асфальт-бетон заводунун жабдуулары да сатылып алынган. Жабдуулардын бир комплекти Нарын облусунун Ак-Талаа районуна жеткирилип, кураштыруу иштери башталды. Калган 2 комплект август айына чейин алынып келинип, Талас облусунун Кара-Буура районуна жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна курулат. Бул иштердин баары 2017-жылга чейинки Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашырууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан