Төрөт үйүнүн короосунда көз жарган келин: "Төрөткананын жетекчилигине, кызматкерлерине эч кандай доом жок"

Бишкек шаарындагы №2-төрөткананын короосунда төрөгөн келиндин окуясы боюнча аталган мекеменин башкы дарыгери Азамат Алымбаев SUPER.KG порталына маалымат берди.

"Биздин төрөтканага Ак-Тилек конушунун 40 жаштагы тургуну Фарида Жолдошалиева 3-июлда күйөөсү менен келген. Бирок 2-июлдан баштап төрөткана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. Иш тартибин сырткы эшикке жазып калтырганбыз. Алар башка төрөт үйүнө баралы деп жолдошу такси чакырганы көчөгө кеткенде келиндин толгоосу кармап, баланын башы чыгып, короодон төрөп койду. Төрөткананын кызматкерлери чыгып биринчи жардамды көрсөтүшкөндүктөн учурда эне-баланын абалы жакшы. Көп кан жоготкон жок", - дейт ал.

Башкы дарыгердин айтымында, төрөткана 2-августка чейин жабык болот. Ошондуктан жарандар "Тез жардам" кызматына байланышса, мындай окуялардын алдын аларын кошумчалады.

"Биздин төрөткана жабылганына байланыштуу борбордогу төрөтканалар кезектешип нөөмөткө турмак. Бул ирет төрөттөрдү кабыл алуу кезеги борбордогу №1-төрөтканада болчу. Эгерде "Тез жардам" кызматы менен келгенде минтип сырттан көз жармак эмес. Анткени бардык ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө, "Тез жардам" кызматында толук маалымат бар болчу. Жарандар жогорудагыдай окуяга туш болбой алдын алуу үчүн "Тез жардам" кызматына байланышса туура болот", - дейт дарыгер.

Ал эми көз жарган келин төрөтканын жетекчилигине, кызматкерлерине эч кандай доосу жок экенин билдирди.

"Жолдошум экөөбүз Ак-Тилек конушунда турабыз. Бирок толгоом башталган учурда "VEFA" соода борбору жакта болчубуз. Ошол жактан келсек, төрөт үйү 1 айга жабылып калыптыр. Сыртта бүгүн кайсы төрөткана кабыл алары тууралуу маалымат бар экен. Аны окугандан кийин жолдошум көчөгө такси чакырганы кеткен. Мен артынан бара жатканда толгоом күчөп, балам келип калды. Ошентип сырттан эле көз жарып алдым. Абалыбыз жакшы, төрөт үйүнө эч кандай доом жок", - дейт көз жарган келин.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июлда төрөт үйүнүн короосунда көз жарган келин тууралуу маалымат тараган.

Бишкекте кош бойлуу келин жабык төрөтканага келип, короосунда төрөп койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurzada_0111
2018-07-03 15:07:17
Өмүрү узун бактылуу кыз болсун
+8
taalay25
2018-07-03 17:17:25
Nurzada_0111,айтканын келсин бирок уул тороптур
+4
Jaziko80
2018-07-03 15:15:15
Скорий кыргызстанда оной менен тез келе койбойт. Кантип айлык алып отурушат билбейсин. Скорий чакырбай,такси чакырсан тез жетесин.
+10
Nanei
2018-07-04 08:16:42
Jaziko80,скорыйда иштеп корсон биринчи,анан суйло тетигинтип
0
Pandora
2018-07-04 09:28:37
Nanei,Оа,билем кантип иштешкендерин.10мин келчуу жерге 1.5саатта келет.
+3
kutlibek
2018-07-03 16:09:32
Эркек кишилер гинеколог болбой эле койсо жакшы болмок.
+9
Pandora
2018-07-04 09:23:46
kutlibek,Кишилердин колу женил болот,аялдапдян колу оор болот деген миш да бар.Мен дагы мурун чарчай берет эле "неге именно гинеколог,башкасы толтура го"-деп,ойлой берип чарчадым.
0
senchi
2018-07-04 07:57:21
Омуру менен берсин
0
Jelezo
2018-07-04 09:24:47
Айылда баары эле үйүндө төрөйт кошуналары келип баланын киндигин кыркып коюшат
-5
Batma08
2018-07-04 09:52:11
Jelezo,кайсы айылда жашайсын. Бизде андай эмес.

+2
Pandora
2018-07-04 09:26:06
Энеге да,балага да бекем ден соолук,Ак Жолтой жигиттерден болсун!!! Азыркы кезде конул чоктурчуу окуя,кицин бир омур эстеп жылмайып койо турган окуя болуптур )))
Бир катар медиктерди ошол учасканы караган мед айымдардын журогунун суусун алып жатса керек,покулдотуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан