Франция курамасынын 19 жаштагы оюнчусу Килиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунда тапкан каражатын кайрымдуулукка жумшайт

Франция курамасынын жана "ПСЖ" футболдук клубунун 19 жаштагы оюнчусу Килиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунда тапкан каражатын кайрымдуулукка жумшайт. Бул тууралуу спорт басылмалары жазып чыгышууда.

Франция улуттук курама командасынын 19 жаштагы чабуулчусу, Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда эң жаш футболчу аталган Килиан Мбаппе Дүйнө биринчилигинде тапкан каражатын кайрымдуулукка жумшаарын билдирген.

"Өз өлкөсүнүн намысын коргоп жаткан соң ал үчүн акча алып кереги жок деп эсептейм", - деп билдирген Мбаппе.

Маалыматка ылайык, чабуулчу улуттук курама команда менен чыккан ар бир оюну үчүн 20 миң евро алат. Андан сырткары ар бир натыйжалуу жыйынтык үчүн ага кошумча акча каражаты төлөнөт. Азыркы тапта чабуулчу улуттук курама команда менен 4 оюн өткөрүп, 3 гол киргизгенге үлгүргөн.

Футболчу Дүйнө биринчилигиндеги алгачкы голун Перу курамасынын дарбазасына киргизсе, калган 2 голду Аргентина улуттук курама командасынын дарбазасына таамай багыттай алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2018-07-03 14:49:14
Азаматсын!
+6
nemo2016
2018-07-03 15:27:09
Келечеги кен футболчу,азаматсын
+4
Azat.97
2018-07-03 16:26:14
Мбаппе болочоктогу футбол жылдызы.Азаматсын Мбаппе
+3
Meni_unut
2018-07-03 16:36:35
Ай красавчик!!! Сыйлайм сени Мбаппе
+1
daniyar93
2018-07-03 16:43:09
Мбаппе Мусулманбы?
-1
nemo2016
2018-07-03 17:44:34
daniyar93,анын эмне тиешеси бар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан