2-июлдан 3-июлга караган түнү Ростов-на-Дону шаарында Бельгия-Япония беттеши орун алды. Аталган беттеште курама командалар чейрек финалга болгон жолдомсу үчүн күч сынашты.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Япония курама командасы чабуулдарды жасап эсеп санын ачканга үлгүргөн. Бул беттеште жогорку деңгээлдеги оюн көрсөткөн күн чыгыш өлкөсүнүн курамасы, тилекке каршы, оюндун акыркы мүнөттөрүндө Насер Шадлинин тобун өткөрүп жиберип 2:3 эсебинде жеңилип калган.
Беттеш аяктаган соң Япония курама командасынын күйөрмандары маанайы түшкөнүнө карабастан таштандыларды чогултуп өздөрү отурган жерди тазалап кеткен. Ошол күйөрмандардын арасында кыргыз калпагын кийип жүргөн жигит дагы таштандыларды жыйнап жүргөнүн байкоого болот.
Ошондой эле Япония курама командасынын оюнчулары да өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирип, орус тилинде "рахмат" деген билдирүүнү калтырышкан.
"Мындай улуттук курама команда менен иштешүү - бул сыймык. Алардын бул кадамы башка улуттук курама командаларга үлгү боло алат", - деп билдирген ФИФАнын координатору Присциллы Янссенс.
Буга чейинки оюндарда да Япония жана Сенегал курама командаларынын күйөрмандары өздөрүнөн калган таштандыларды тазалашканы белгилүү болгон.