Таиландда жоголгон 12 футболчу жана машыктыруучу үңкүрдөн табылды. Аларды куткаруу үчүн 2-3 ай күтүү керек
Таиландда 9 күнүн үңкүрдө өткөргөн 12 футболчу жана алардын машыктыруучусу табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, табылган балдар машыктыруучусу менен 23-июнь күнү Таиланддын Хуахани шаарына жакын жердеги тоого барып үңкүргө киришкен. Ошол учурда жамгыр жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп алар чыга албай камалып калышкан. Жоголгон балдарды издөө иши 24-июнда башталып, бирок эч натыйжа чыккан эмес. Соңку күндөрү издөө жана куткаруу тобуна АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Кытайдан келген куткаруучулар дагы кошулган.
Дайынсыз жоголгон балдарды жана машыктыруучуну британиялык суу алдында сүзүүчү Жон Волантен тапкан. Бирок табылган адамдар азыркы учурда үңкүрдөн чыгарыла элек. Анткени тынымсыз жааган жаандан улам үңкүрдөгү сууну сордуруу иштеринен майнап чыккан эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аталган аймакта жаан-чачындар мезгили сентябрь-октябрь айларына чейин уланат.
Куткаруучулар билдиргендей, азыркы тапта балдарды үңкүрдөн алып чыгуу маселеси каралууда. Бул үчүн балдарга суу алдында жүрүүгө ылайыкталган атайын кийимдерди жеткирүү керек. Бирок үңкүр татаал аймакта жайгашкандыктан алар суу алдынан чыга албай калышы мүмкүн. Ал эми айрым адистер тобокелчиликке барбастан жаан-чачындар мезгили бүткөнгө чейин күтүү керектигин, ага чейин тажрыйбалуу суу алдында сүзүүчүлөр аларга тамак-аш жана керектүү каражаттарды жеткирип турарын билдиришкен.