“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 26-июнда президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, Каржы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан