Айбек Кадыралиев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Бул тууралуу 3-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Айбек Кадыралиев 1978-жылы 3-январда Бишкек шаарында төрөлгөн.
2000-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин финансылык-банктык менеджмент факультетин аяктаган.
2001-2008-жылдары Улуттук банктын экономисти, жетектөөчү экономисти, башкы экономисти;
2008-2009-жылдары "КомпаньонFG" эл аралык каржы корпорациясынын экономисти;
2009-2014-жылдары Экономикалык башкаруу багытында дараметти жогорулатуу долбоорунун менеджери;
2014-2015-жылдары Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси;
2015-2016-жылдары президенттик аппараттын Финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
2016-2017-жылдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
2017-жылдын 10-январынан тарта Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.