КҮНСЕРЕП: Мискенбаевге кылмыш иши козголуп, козголбой турат... Финполдун жообу арсар

Бүгүн, 3-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

12 күн мыйзамсыз түрдө адамды тергөө абагында кармап, жарандын эркиндикке болгон конституциялык укугун бузушкан. Мына ушундай негизде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Соттун 3 судьясына, аппарат кызматкерлерине жана Бишкектеги №1-тергөө абагынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши көзү азиз акын Темирлан Ормуковду мыйзамсыз түрдө СИЗОдо кармоо фактысы боюнча козголду.

Бул жаран мурунку президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырлары үчүн суракка кабылганы жана депутат Дастан Бекешевдин арызынын негизинде кылмыш ишине кириптер болгону менен белгилүү. Социалдык тармактарда активдүү болгон Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди “ири акча алып, парламентте оң рулдуу автоунаа сатуучу ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон” деп айыптап чыккан. Депутат Дастан Бекешев жооп иретинде “мен тууралуу жалган маалымат таратты” деп укук коргоо органдарына кайрылган. Ормуковдун Бекешев тууралуу айткан айыптоосу далилденген жок, ал депутат тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан деп акынга карата кылмыш иши козголуп, анын суракка учурунда келбей калганы үчүн райондук сот 1 айга тергөө абагына камоо боюнча чечим кабыл алган.

Милиция тарабынан акын Ормуков 2018-жылдын 29-мартында кармалып, 29-апрелге чейин тергөө абагына камалган. Баш коргоо чарасы боюнча соттун бул чечими менен макул болбогон акын Жогорку Сотко кайрылган. Анын арызы 15 күн аралыгында каралышы керек болчу. Бирок Жогорку Сотто бул арыз Ормуковду тергөө абагында кармоо мөөнөтү өтүп кеткен соң, 14-майда каралган. №1-тергөө абагынын кызматкерлери да кызматтык милдеттерин так аткарбай, Ормуковду абакта кармоо мөөнөтүнөн 12 күн өткөн соң, 11-майда бошотушкан.

Бүгүн журналисттер менен жолугушуп, суроолорго жооп берген Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын бул окуя боюнча көз карашы такыр башкача. Ормуковдун арызы Жогорку Сотто соттук материал эмес, кылмыш иши катары катталып калып, андыктан аны кароо мөөнөтү жылып кеткенин айткан ал: “Соттук системдин тарыхында мындай окуя буга чейин болгон эмес. Арыздын учурунда каралбай калышы кылмыш ишин козгоого негиз болуп бере алабы?” - деп суроо салат. Кылмыш иши 304-берене – кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 305-берене - кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, 316-берене - шалаакылык жана 324-берене – мыйзамсыз кармоо же камакка алуу боюнча козголду. Тергөөдө Жогорку Соттун төрайымынын суроосуна да жооп табылса керек. Ошентсе да өлкөнүн ар бир жараны Баш мыйзамдын негизинде эркиндик укугуна ээ. Андыктан жаранды мыйзамсыз камакта кармоо фактысын “арыз өз учурунда каралбай калган тура” деп жеңилдетүү мүмкүн эмес.

Буга окшогон шалаакылыктан улам Жогорку Соттун бирдейинен 3 судьясына кылмыш ишинин козголушу эгемендүү Кыргыз мамлекетинде чанда болуучу көрүнүш. Айрым саясатчылар “биринчи жолу болуп жаткан окуя” деп да жарыялашты. Кантсе да адамды мыйзамсыз камады деп сотторго, абак кызматкерлерине кылмыш ишинин козголушу укук коргоо органдарынын адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка карай таштаган кичинекей, бирок коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган кадамы болду. Карапайым элде соттордун мыйзамсыз иштерине карата да чара көрсө болот деген үмүт пайда болду. Азырынча...

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилигине карата кылмыш ишин козгоду деген маалыматты четке какпайт жана кылмыш иши козголгон деп да айтпайт"... Бүгүн SUPER.KG сайтына аталган мамлекеттик кызматтан мына ушундай маалымат келди.

Кеп өткөн аптанын дем алыш күндөрүнөн бери талкууга түшүп жаткан мурунку депутат Мээрбек Мискенбаев жетектеген коомдук бирикмелерге карата “алдамчылык” беренеси менен козголгон иш тууралуу. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси, башкача айтканда, “алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгоду деп Азаттык сайты жазып чыккан. Иштин төркүнү Апрель төңкөрүшүндө жабыркагандар үчүн бөлүнгөн 2,1 миллион сомдук көмүрдү өз кызыкчылыгына пайдалануу тууралуу. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин Атамбаевдин күйөрман-тарапташы Мээрбек Мискенбаев бир нече апрелчилер менен биргеликте түзүп, бир нече жыл жетектеп келген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев кылмыш иши тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан өзүнө кабар келе электигин, ММКларга чыккан жаңылыктардан улам билгендигин, жактоочусу тийиштүү суроо менен кайрылганын айтат. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов сыяктуу атамбаевдик кадрларды улай Мискенбаев дагы окуяны өзүнө карата “саясий куугунтук” атады. Ал “үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеш үчүн президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырышы керек деп чыккам. Ошол демилгемден улам мага каршы куугунтук башталды”, - деген пикирде.

Коррупциялык шек түшүргөн айыптоолор Мискенбаевдин дарегине Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деп чыкканга чейин да айтылып келген. 2016-жылы “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү аны "7-апрелде жабыркагандарга бөлүнгөн 2,3 миллион сомду өзүнө ыйгарып алган", - деп айыптап чыгышкан. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бир нече жылдан бери “Апрель окуясында жабыр тарткандарга социалдык колдоо катары “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан бөлүнгөн 3 миллион сомду өз кызыкчылыгында иштетип жиберген”, - деп Мискенбаевди айыптап келе жатат. Мискенбаев бул айыптоолордун баарын төгүнгө чыгарып келген. Андан бери өлкөдө көп өзгөрүү болду. Башкы прокурор, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы алмашты. Мурунку бийликтин тушунда толук иликтенбей, текчеде чаң басып жаткан ишти Жээнбековдук бийлик кайра алып чыкты көрүнөт.

Апрель революциясында "Ала-Тоо" аянтында жаракат алган митингчилерден куралган “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесине чейин коомчулук Мээрбек Мискенбаев деген ысымды таанычу эмес. Коомчулукка жарыяланган расмий биографиясы боюнча 2013-2014-жылдары мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштебеген бул адам “Инвестициялар, соода жана курулуш башкармалыгы” мамлекеттик ишканасында башкы директорлук кызматты аркалаган. Ал эми 2015-жылы КСДПнын тизмесинде Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Апрелчилерди мазактады деп куудулдарды сотко бермекчи болгону, депутаттык мандатты тапшырган соң “Мегаком” мамлекеттик ишканасынын башкы директоруна кеңешчи болуп дайындалганы кеңири талкууга алынган. Кеңешчилик кызматындагы анын айлык акысы да талкууга түшүп, өзү “150 миң сом алат экен деп маалымат таратып жаткандар калп айтышат, 80 миң сомдун тегерегинде айлык акы алам”, - деп билдиргени бар. Уюлдук байланыш тармагында бир күн иштебеген адам айына 80 миң сомго “Мегакомдун” башчысына кандай кеңеш берери коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

“Айкөл Ала-Тоо” бирикмеси 2010-жылы, 7-апрель күнү Ак Үйдүн алдында бийликтин огунан жабыр тарткандарга, ал күнү каза тапкандардын жакындарына колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн уюм болчу. Атамбаев өлкөнү башкарып турган 6 жыл ичинде ал бийлик менен тыгыз иштешип, Ак Үй өзү ачык айта албаган талаптарды айтып, кыйкырып чыгуучу топко айланды. Мындай кадамдарга нааразы болуп бирикменин бир топ мүчөсү анын катарынан чыгып, өздөрүнчө уюм ачышкан.

Мына ушундай бирикмеге, анын бир нече жылдык жетекчисине финпол “кызыгып”, кылмыш ишин козгодук деп да, козгободук деп да айтпайбыз деп турат. Мамлекеттик кызматтын бул кандай ишараты? Көшөгө артында сүйлөшүү жүрүп жатабы? Кайсы бир шарттарга келишсе “кылмыш иши козголгон эмес” деп, ал эми тил табышуу ишке ашпай калса “кылмыш иши козголгон” деп жар салынабы? Эгер Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп чыкпаса, Мискенбавге каршы эски иштерди териштирүү башталат беле?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан