Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону же козголбогону боюнча расмий маалымат жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыкканына бир апта болгонуна карабай аталган мекеме расмий маалымат тарката элек. Биздин сурообузга эки күндөн кийин гана төмөнкү жооп менен чектелишти.
"Биз бул маалыматты четке да какпайбыз жана кылмыш иши козголгон деп да айта албайбыз", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Айт кетсек, кечээ, 2-июлда Мискенбаевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев: "Учурда Мээрбек Мискенбаевге айыбы угузула элек жана кылмыш иши козголгон токтом өзүнө да, мага да тааныштырыла элек. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү менен сүйлөштүм, ал бул иш боюнча эч кимге эч кандай маалымат бербегенин айтты", - деген эле.
Буга чейин 29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун "Азаттык" өздүк булактарына таянып жазып чыккан.
Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды" деп айткан.