“Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” боюнча долбоорлорду каржылоо жөнүндөгү макулдашуулар ратификацияланды
“Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган “Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу боюнча
насыялык макулдашуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо боюнча
гранттык макулдашуу ратификацияланды. Аталган макулдашуулар Кыргызстан жана Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн. Ратификациялоо
мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев 26-июнда кол койду. Мыйзам ушул жылдын
30-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу. Ага ылайык, КРнын тышкы иштер
министри белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши
үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы
жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарлашы шарт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.