ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жаза өтөөчү жайга баңгизат ыргыткан жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
"Июнь айынын аягында Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан жаза аткаруу мекемесине белгисиз жаран тарабынан полиэтилен баштыгына салынган зат ыргытылган. Баштыкты абактын кызматкерлери байкап, дароо текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүдө ал баштыкта баңгизат бар экени аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүгүнүн (тыюу салынган заттарды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам териштирүү иштери дайындалган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери биргелешип тыюу салынган затты ыргыткан жаранды издөөгө алышкан. Жыйынтыгында кылмышка шектелип 48 жаштагы Нарын облусунун А.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын баңгизатты абакта мөөнөтүн өтөп жаткан 1986-жылы туулган Б.А.га аттуу жаранга берүүгө аракет кылгындыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү башка абакка киргизилип, иликтөө иштери уланууда.