Шоу-бизнестеги көз күйдүргөн бойдоктордун саны дагы бирге кыскарды. Дегенибиз, "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу сүйүктүүсүнүн колун сурады.
"Менин сүйлөшкөн кызымдын аты Диана. Өзү ордолуу Оштун кызы. Бирок Казакстанда билим алып, ошол жакта чоңойгон. Ал эми жогорку билимди Кыргыз улуттук университетинен алып быйыл аяктады. Экөөбүз мындан бир жыл мурун борбордогу соода борборлорунун биринен таанышып, эски тааныштардай болуп сүйлөшүп кеткенбиз. Артынан чуркаткан жок. Мамилебиз убакыт өткөн сайын бекемделди. Окуусун дагы аяктады, анан колун сурадым. Диана макулдугун бергенде аябай толкунданып, ишене албай отурдум", - дейт актёр.
Ал эми той ата-энелердин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилерин кошумчалады.