7-июлдан 9-июлга чейин өлкөнүн бардык аймактарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
"7-9-июль аралыгында республиканын аймактарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35...40 градус, тоо этектеринде +31...36 градус, Суусамыр өрөөнүндө +30...35, Ысык-Көл ойдуңунда +27...32, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31...36, тоолуу райондордо +21...26, бийик тоолордо +15...20 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайында ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунушталат.