Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн парламентте жылдык отчётун берет. ЖКнын жыйынында депутаттар анын учурда Төө-Ашууда келе жатканын билдиришти. Бүгүнкү жыйында карала турган маселе көп болгондуктан ар кандай маселелерди карабай эле коюуну сунушташты эл өкүлдөрү. Айта кетсек, Акун жакында Баткен облусуна иш сапары менен барып, кан басымы төмөндөп Кызыл-Кыя шаарында ооруканага жаткан болчу. Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе бүгүн саат 14:00дө карала турганын билдирди.