Улуттук күрөш, самбо, кулатуу, ушу боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери Улан Эралиев 1980-жылы 9-июлда Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика бөлүмүн бүтүргөн.
Спорттогу жетишкендиктери – Профессионалдар арасында панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку (2006, 2008) чемпиону, Уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2007), Кармашып мушташуу боюнча Дүйнө чемпиону (2009).