Бишкекте милиция кызматкерлери менен чет элдик жарандардын ортосунда жаңжал чыкты

Бишкек шаарында Аалы Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери менен чет элдик үч жарандын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

"3-июль күнү кечки саат 20:20лар чамасында кайгуул күзөт кызматкерлери жол эрежесин бузган чет элдик жөө жүрүүчүлөрдүн документтерин текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда бирөөсүнүн документи жок болуп чыккан. Милиция кызматкерлери анын өздүгүн тактоо үчүн милиция бөлүмүнө барууну өтүнгөндө жол эрежесин бузган чет элдик жарандар баш тарткандыктан улам алардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кармалган жарандардын экөө - Нигериянын, бири - Түштүк Африка Республикасынын жараны экени белгилүү болду. Алардын өздүгү такталып, үйүнө коё берилген.

Учурда чет элдик жарандардын жана милиция кызматкерлеринин мыйзам бузгандыгы же бузбагандыгы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aya88
2018-07-05 10:38:56
Жол эрежесин бузган жоо жургунчулор да болобу? Калп эле акча алыштын бир амалы да
-10
zhykyo
2018-07-05 10:52:14
aya88,Мезгилден артта калба
+7
Missing-u
2018-07-05 12:36:07
aya88,ошону айтамда булар эмес озубуз деле бузабыз бизди токтотпойт унчукпайт,булардан акча алайын десе керекта болбосо жол эрежесин бузган жоо жургунчулор тооооолтураго. Акча бербей койду десе жарашмак экен
-2
zhykyo
2018-07-05 10:50:25
Копту чет элдиктер
+3
sirgak_92
2018-07-05 19:24:49
zhykyo,кайсы чет элдик көөп атат сага
0
asman.81
2018-07-05 12:42:33
Жаман уйду коногу бийлейт деген ушул да...
+2
TalaCSKA
2018-07-05 13:01:52
Бир жолу милициянын отделениесине кирип чыккан болуш керек билет да ал жактан акчандын баарын тартып алып голый айдап жиберерин.
+1
Alicia
2018-07-05 13:36:05
Bednye
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан