Орусиялык актёр Дмитрий Дюжев 40 жашка толду. Ал 1978-жылы 9-июлда Орусиянын Астрахань шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле киного тартылганды жакшы көргөндүктөн, ата-энеси аны атайын өзгөчө таланттуу балдар окуган мектепке киргизишкен. 1995-жылы мектепти, андан кийин Москвадагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктаган соң жаштар театрына алынган. Дмитрий Дюжев 2000-жылы Александр Атанесяндын "24 саат" ("24 часа") тасмасында дебют жасаган. Ал эми актёрго атактуулукту "Бригада" тасмасындагы Космостун ролу алып келген.
2008-жылы 14-февралда актёр Татьяна Зайцева аттуу күйөрман кызына үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда 2 жана 9 жаштагы эки уулу бар.
9-июлга карата жылнаама.