Камчыбек Ташиев: "Баткенде чек араны бузуп өткөн тажик айдоочусуна кыргыз чек арачылары ок чыгаруудан коркушуптур. Бул жакшы көрүнүш эмес"

"Баткен облусундагы көйгөйлөрдү чечүү өтө солгун жүрүп жатат, булар чечилмейинче мен өкмөттүн жанын койбойм",- деди депутат Камчыбек Ташиев ЖКнын 27-июндагы жыйынында. Айтымында, 5-январдагы Чарбак айылындагы чек ара жаңжалынан кийин өкмөт тарабынан берилген убадалар аткарылган эмес. "Чарбак айылынан башка да ондогон айылдардын көйгөйлөрү чечилген эмес. Жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан улам эл маселелерди өздөрү чечүүгө өтүшүптүр. Кечээ жакында бир тажик айдоочусу чек ара эрежесин бузуп өтүп кетсе, ал жердеги кыргыз чек арачылары ага ок чыгаруудан коркушуптур. Бул жакшы көрүнүш эмес",- деди Ташиев. Жыйын уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан