Унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү 5 күндөн 10 күнгө узартылды. Буга багытталган мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган бул мыйзам коррупциялык факторлорду жоюу, жарандардын жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз убагында (алгачкы) каттоо (кайра каттоо), жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыккан.
Бажы тосмолорунда унааларды каттатуу узак убакытты талап кылгандыктан, ошондой эле айрым аймактардын алыстыгынан унааларды өз убагында каттоодо жана кайра каттоодо көйгөйлөр пайда болгондуктан каттоону 10 жумушчу күнгө узартуу каралган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасында бирден-бир милдеттүү түрдө каттала (кайра каттоо) турган унаа каражаттарынын түрүнө квадрациклдер жана трициклдер дагы киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Сатып алынган унаалар 10 күндүн аралыгында каттоого алынбаса, жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 2 миң сом айып салынат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, учурда каттоого алынган унаалардын саны 1 миллион 200 миңди түзөт.